АКТАН Тыныбек уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Тыныбек уулу (1888, азыркы Нарын р-ну, Тегерек-Булак айылы ‒ 5. 12. 1951, ошол эле жерде) ‒ манасчы, акын ж-а комузчу. Атасы Тыныбек жомокчу болгон. Ал эс тарткан

дан эле атасынан «Манасты» угуп чоӊойгон. А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу 13 жашында байкалган. Адегенде комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, кийин өзү да ыр чыгарып, ырчылардын катарына кошулган. Октябрь рев-ясынан кийин бир нече ыр, поэма жараткан. Аларда жаӊы за

АКТАН10.png

ман, колхоз турмушунун жетишкендиктерин даӊаза кылган. А. 1930-ж. айылдык советтин председатели, кийин колхоздун председатели, 1933‒39-ж. Нарын р-ндук радио түйүнүндө, 1936‒47-ж. Т. Сатылганов атн. Кыргыз мамл. филармониясында иштеген. «Алга бас, камбаркан», «Өзгөрүш шыӊгырама», «Кеӊеш», «Чоӊ кошуун», «Семетей күү» деген күүлөрдү жараткан. «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» ж-а «Семетей Букардан Таласка келип, Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, КР УИАсынын кол жазмалар фондуна өткөргөн. Ал «Эр Табылды» эпосунда толук айткан. Анын ырлар жыйнагы 1964-ж. дүйнөдөн кайткандан кийин жарык көрдү. «Бакты-Болот», «Асан-Жамал» аттуу жыйнакка (1964) поэмалары, «Же ӊиш жылы», «Май майрамына», «Өч алдык» ж. б. ырлары кирген. Медалдар м-н сыйланган.