АСМАН СФЕРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:52, 21 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АСМАН СФЕРАСЫ ‒ бетине бардык жарык чыгаруучулардын абалы проекцияланып, борбору байкоо чекитинде болгон каалагандай радиустагы ойдон алынган сфера. Ал астрономияда космос объектилеринин А. с-ндагы координаталарын аныктоонун негизинде алардын кыймылын ж-а өз ара жайгашуусун изилдөө үчүн колдонулат. А. с-нын суткалык айланышына байланыштуу асман жарык чыгаруучулары мейкиндикте экваторго жарыш с у т к а л ы к  п а р а л л е л ь деп аталуучу айланаларды сызат. Суткалык параллелдердин горизонтко жайгашышына жараша жарык чыгаруучулар батпоочу ж-а батуучу, чыкпоочу ж-а чыгуучу болуп бөлүнөт.