АШЫКЧА КОШУМЧА НАРК
Jump to navigation
Jump to search
АШЫКЧА КОШУМ НАРК--салыштырма кошумча нарктын бир түрү. Айрым ишканалар да жаӊы техниканы ж-а сарптоо чыгымдарын кескин азайтуучу жаӊыча ыкмаларды өндүрүшкө кийирүүнүн натыйжасында пайда болот. Жакшыртылган техника ж-а эмгекти жаӊыча үнөмдүү уюштуруу ыкмалары ошол өндүрүш тармагынын көпчүлүк ишканаларында өздөштүрүл гөндө А. к. н. алуу жоюлат.