АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:01, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ – санаасыз, бейгам турмушту, ичимдик-шараптарды, сүйүүнү даңазалаган антикалык поэзиянын бир түрү. Аталышы б. з. ч. 7-к-да жашаган, тойдо ырдалуучу ырлардын автору Анакреонт деген акындын атынан алынган. Бизге анын кээ бир ырларынын үзүндүлөрү ж-а ошол мезгилдеги Анакреонтикалык поэзиянын үлгүлөрүндө жазылган айрым жыйнактар келип жеткен. Анакреонтикалык ырлар 18-к-дын экинчи жарымында ж-а 19-к-дын биринчи жарымындагы батыш ж-а орус поэзиясында көп кезигет. Аларды М. В. Ломоносов, А. С. Пушкин, Г. Р. Державин, К. Н. Батюшков ж. б. акындар жазышкан. Кыргыз поэзиясындагы анакреонтикалык ырлардын үлгүсүнө А. Осмоновдун «Үйлөнүү ыры» мисал боло алат.