АМПИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:15, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПИР (фр. empire – империя) – 19-кылымдын 1-чейрегиндеги архитектура ж-а жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин, акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар ж-а жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамл. күч-кубаттуулукту ж-а аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. Ампир стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Францияда пайда болуп, мемориал архитектурасы ж-а сарай интерьерлеринин шаңдуулугу м-н айырмаланган (арх. Ш. Персье, П. Фонтен). Бир катар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка�я

д� каршы күрөштө жеңип алган мамл. көз карандысыздыктын идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык ж-а чарбак үйлөрдүн (арх. А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент скульптуранын (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус A-и да улуттун энчиси болуп калды.

Ф. Жерар. «Наполеон Бонапарт короналык костюму менен». 19-к. Версаль музейи.
Мальмезон замогу. Чон Салон.