АКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ю р и д и к а л ы к ‒ расмий документ; мамл. органдар, кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде кабыл алынган, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон документ. Мындан тышкары дипл. А., ревизиялык А., агрессиялык А. сыяктуу түрлөрү бар. Юрид. А. мыйзам тарабынан бекитилген формада кабыл алынат ж-а кайсы мамл. орган же болбосо кайсы кызмат адамдары тарабынан кабыл алынгандыгына жараша төмөндөгүдөй аталышы мүмкүн: мыйзам, указ, токтом, приказ, буйрук, инструкция, өкүм, чечим ж. б. юридикалык А-лар укуктук маалыматтын мүнөзүнө жараша төрт негизги топко бөлүнөт: 1) нормативдик А-лар жалпыга тиешелүүлүгү м-н мүнөздөлөт, буларга бардык нормативдик укуктук А-лар, укуктун булактары ж-а формалары кирет. 2) Жеке мүнөздөгү чечимдер камтылган А-лар. Бул А-лар конкреттүү мүнөзгө ээ ж-а милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш, о. эле алардын негизинде субъективдүү укуктар, юрид. милдеттер пайда болот, такталат, өзгөрүлөт ж-а күчүн жоготот. 3) Юрид. фактыларды чагылдырган А-лар. Мис., жер участогун бөлүп берүү актысы, курулуш актылары, табигый кырсыктын айынан зыян келген мүлккө карата түзүлгөн актылар ж. б. 4) Далил фактыларды чагылдыруучу А-лар. Бул категориядагы А-ларга ар түрлүү процессуалдык документтерди киргизүүгө

болот. Мис., тергөө учурунда түзүлгөн протокол дор, токтомдор.

А. Шаршеналиев.