АМАНЖОЛОВ Сарсен

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АМАНЖОЛОВ to АМАНЖОЛОВ Сарсен) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНЖОЛОВ Сарсен (27. 12. 1903, Чыгыш Казакстан обл., Улан р-ну, Еринсу айылы – 28.1. 1958, Алматы) – алгачкы казак тилчиси, филология илимдеринин
1958,доктору (1948), проф. (1948), Казакстан ИАсынын корр. мүчөсү (1954). Орто Азия мамл. университетин бүтүргөн (1930). КазПИде окутуучу (1931), Казак улуттук маданияты институтунун директору (1934-36), КСРО ИАнын Казакстан филиалынын тил ж-а адабият секторунун башчысы (1937-42), «Кызыл Армия үгүтчүсү блокнотунун» жооптуу редактору (1944-58), Казакстан ИАсынын тил ж-а адабият институтунун бөлүм башчысы (1946-58) болгон. Ал эне тилин окутуу б-ча бир нече эмгектерди жараткан. Казак тилинин диалек. негизин, өзгөчөлүгүн, ошондой эле калыптануу теориясын, тарыхын, анын түрк тилине жакындыгын изилдеген. Жалпы тил илимине, а. и. синтаксиске карата орчундуу аныктамалары бар. «Казак совет фольклору», «Казак тилинин грамматикасы, 1-бөлүк, Морфология» (1938-40), «Казак тилинин грамматикасы, 2-бөлүк, Синтаксис» (1939-97), «Казак адабий тили» (1949) ж. б. бир нече илимий эмгектерди жазган.
Ад.: Абдырахманов А., Абилкаев А., Калиев Г. Профессор С. А. Аманжоловдун өмүрү жана илимий мурастары жөнүндө, А., 1959; Сулейманов Р. Б., Из истории развития науки в Казахстане (1933-40), Труды Института истории, археологии, этнографии АН КазССР, т. 10, А.-А., 1961. 1. М. Молдалиева.