АЛЬГАМБРА
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬГАМБРА (ар. аль-хамра – кызыл) – Испаниядагы Гранада шаарына жакын Сьерра-Невада тоосунун боорундагы аксарай комплекси. Арабдардын Гранада эмиратынын башкаруучулары үчүн (13-к-дын ортосу – 14-к-дын аягында) курулган. Альгамбра – мавритан архитектурасынын эң көрүнүктүү үлгүсү. Мирттер аянтчасы
м-н Арстандар аянтчасынын айланасына жайгашкан кооз жасалгалуу залдардан турат. Ошондой эле Карл 5нин чала курулган сарайы бар (1526). Альгамбранын архитектурасынын көркөмдүгү, кереметтүү түзүлүшү, жасалгасы ж-дө уламыш кабарлар орто кылымда эле дүйнөгө тараган. Альгамбра Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген.