АТ-БАШЫ КАНАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:26, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТ-БАШЫ КАНАЛЫКыргыз Респ-касынын Кант р-нундагы ири сугат тармагы. 1937-ж. пайдаланууга берилген. Чүй суусуна курулган Чөмүч плотинасынан башталып, Кант, Аламүдүн ж-а Сокулук р-ндорунун 21 миӊ гадан ашык жерин суу м-н камсыз кылат. Каналдын уз.43,4 км, андан секундасына 31 м3 суу агат. Каналда 25 гидротех. курулуш, 19 суу ченегич, 37 суу бөлүштүргүч, 1 насос станциясы бар.