АК-СУУ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ысык-Көл обл-нда. 1973-ж. Түп р-нан бөлүнгөн. Түндүгүнөн Түп р-ну, чыгышынан Казакстан, батышынан Жети-Өгүз р-ну, түш.-чыгышынан Кытай Эл Респ-сы м-н чектешет. Аянты 10,1 миӊ км2. Калкы 63,7 миӊ (2009). Райондо 14 айыл аймагы, 1 шаар, 41 кыштак бар. Райондун борбору ‒ Каракол ш. 

Жеринин бети тоолуу; Кан-Теӊир тоо тоомунун (Жеӊиш чокусу, бийикт. 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөӊсөөсүнүн чыгыш капталын (бийикт. 1800‒2400 м) ж-а Жыргалаӊ өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаӊ) бай. Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орт. темп-расы 14‒17°С, январдыкы ‒5°Сден ‒7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы ‒19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450‒700 мм, сырттарында 250 мм. Кан-Теӊир тоо тоому мөӊгүлүү, ирилери ‒ Түн. ж-а Түш. Эӊилчек, Кайыӊды ж. б. Ири суулары: Сары-Жаз, Жыргалаӊ, Түргөн Ак-Суу, Каракол ж. б. Тоолорунда көл (Мерцбахер ж. б.) көп. Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык ж-а кара коӊур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөӊ топурактуу. 2000‒3000 м бийиктикте карагай токою ж-а бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды ж-а жайыт катары пайдаланылат. Деӊиз деӊг. 2500‒3000 м жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500‒4000 м бийиктикте түбөлүк кар ж-а мөӊгү алкактары жатат. Райондун аймагында Ак-Суу мамл. аӊчылык заказниги уюштурул ган (аянты 32,4 миӊ га).
Калкы көп улуттуу; негизинен кыргыз (88,5%), о. эле орус, калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуӊган ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калк райондун түн. түзөӊ бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 км2 жерге орто эсеп м-н 6 киши туура ке

АК-СУУ РАЙОНУ4.png

лет. Табигый өсүшү 2002-ж. маалымат б-ча 16,6 кишини түзөт. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында Каракол ш., ж. б. калктуу пункттар жайгашкан.
Чарбасынын негизин а. ч. түзөт. Райондо а. ч-га жарактуу 352,8 миӊ га жердин 47,3 миӊ гасын айдоо (анын 35,1 миӊ гасы сугат жер), 709 гасын бак-дарактар, 302,6 миӊ гасын жайыт, 2,3 миӊ гасын чабынды ээлейт. Негизинен картөшкө ж-а буудай өстүрүлөт. Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин аянттары кыскартылып, алардын ордуна башка а. ч. эгиндери өстүрүлүүдө. Райондо 55,4 миӊ т дан, 200,7миӊ т картошка, 5,1 миӊ т жашылча жыйналган (2003), 25,9 миӊ карамал (анын 13,9 миӊи саан уй), 102,8 миӊ кой-эчки, 6 миӊдей чочко, 10,2 миӊ жылкы, 82,1 миӊ үйкушу болгон. Район 2003-ж. 9,0 миӊ т эт, 28,8 т чийки сүт, 2,7 млн даана жумуртка, 349 т жүн даярдаган. Райондун өнөржай тармагында жерг. маанидеги Жыргалаӊ шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы ж-а турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар иштейт. Сарыжаз д-нын алабында калай, вольфрам, коргошун түстүү металл кендери бар. Райондо чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» м-н Эӊилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын м-н вольфрам концентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүӊ жыйымы райондун өнөр жайынын 22,5%ин түзөт. Райондо кайра иштеп чыгуучу ж-а тамак-аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички рынокко багытталган. Райондо тери иштетүүчү эки ишкана, май чыгаруучу чакан тегирмен, нан з-ддору бар. Автомобиль транспорту өнүккөн, автомобиль жолдорунун басымдуу бөлүгүнө асфальт төшөлгөн. Каракол ш-нан аба ж-а суу жолдору да кетет. Шаардын четинде аэропорт бар. Райондун аймагы аркылуу өткөн Каракол ‒ Түп ‒ Кеген (Казакстан) автомобиль жолу реконструк цияланууда.
2003/04-окуу жылында 34 жалпы билим берүүчү мектепте 13911 окуучу окуган, а. и. 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп болгон. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз ж-а орус тилдеринде жүргүзүлөт; 2 мектепке чейинки мекемеде 201 бала тарбияланган; кесиптик-тех. окуу жайы, Ак-Суу борборлошкон китепкана, мад-т үйү бар, о. эле райондук «Мезгил жарчысы» гезити кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгат. Райондун аймагында райондук оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, стоматологиялык поликлиника, 26 ФАП, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, балдардын неврологиялык санаторийи (105 орундуу) ж. б. санаторий-мед. мекемелер, Ак-Суу санаторийи иштейт.