АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:28, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ, а в т о р д у к г о н о р а р (лат. gonorarium ‒ кызматы үчүн акы төлөө) ‒ илим, адабият, искусство ж. б. чыгармаларынын авторлоруна же алардын мурасчыларына төлөнүүчү акы. Автордук калем акы ошол чыгармаларды пайдалангандыгы (мис., басып чыгаруу, көрүүчүлөр алдында же радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүү аркылуу берүү ж. б.) үчүн төлөнөт. Сүрөтчү, адвокат, дарыгерлердин эмгегине төлөнүүчү акылар да автордук акы катары эсептелет. Биздин өлкөдө акы төлөөнүн өлчөмү м-н тартибин учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентчилиги (Кыргызпатент) аныктайт.