АНЫКТАЛБАГАН КОЭФФИЦИЕНТТЕР МЕТОДУ
АНЫКТАЛБАГАН КОЭФФИЦИЕНТТЕР МЕТОДУ – туюнтманын жалпы түрү алдын ала белгилүү болгон учурдагы анын белгисиз коэффтерин табуу ыкмасы. Р(х) ж-а Q(x) алг. көп мүчөлөрдөн турган түрүндөгү дурус бөлчөгүн (алымынын даражасы бөлүмүнүкүнөн кичине) чектүү сандагы жөнөкөй бөлчөктөрдүн суммасы
түрүндө туюнтууга болот, мында А,В,С, a,p,q чыныгы сандар ж-а х2 + рх + q квадраттык үч мөчүсү чыныгы тамырга ээ болбойт. Мис.,
рационалдык туюнтмасы дөгү бөлчөктөрдүн суммасына ажырайт. А, В, Сны табуу үчүн эки туюнтманы барабарлап
, жалпы бөлүмдөн кутулуп, окшош мүчөлөрүн топтоп, жөнөкөйлөштүргөндөн кийин 2х2 - 3 = (А + В + С)х2+ 2(В -С)х - 4А түрүнө келет. Бул барабардык x тин
бардык маанилеринде туура, ошондуктан х тин
бирдей даражага ээ болгон мүчөлөрүнүн коэффтери барабар болот. Анда:
системасын чыгарып А = 3/4, В = 5/8, С = 5/8 маанилерин табууга болот. Берилген туюнтманын ажыратылып жазылышы:
А.к.м. дифференциалдык теңдемелерди чыгарууда, рационалдык функцияларды интегралдоодо, көп мүчөнү көбөйтүүчүлөргө ажыратууда, сандык методдордо ж. б. маселелерде кеңири колдонулат. Мис.,
интегралынын жогоркудай ажыралышы пайдаланылганда, төмөнкүдөй интегралданат:
Ад.: Фихтенголъц Г. М. Курс дифференциального и
интегрального исчисления. Т. 2.М., 1969; Смирнов В. И.
Курс высшей математики. М., 1974.
Б. Э. Назаркулова.