АК-СУУ (КАРАКОЛ) КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нунда, Каракол ш-нан 4 км чыгышта, Каракол суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 1845‒1955 м бийиктикте. 1965-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропогендин чөкмөтектери түзөт. Шагыл м-н кумдан турган аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон. Кум-шагыл катмарынын калыӊдыгы 100 мге чейин. Гранит, диорит, кумдук, сланец ж-а акиташ тектеринин сыныктарынан турат. Начар жумуруланган кесек шагылдуу. Кум чопо м-н камдашкан. Кесекчелердин 40 ммден ирилери 40% (ошондуктан шагылды майдалоого сунуш кылынат), 5 ммден майдалары 30%, жалпак формадагысы 8%, көлөмдүк массасы 1500 кг/м3. Кум ири бүртүкчөлүү, полимиктүү (кесектик 

модулу 2,4 ‒ 2,5), арасында 16%ке чейин чаӊ ж-а чопо бар. Көлөмдүк массасы 1400 кг/м3, орг. кошундулар жок, слюда 1%. Кендеги кум-шагылдан «400» маркасындагы бетон жасалат, жол курулушуна пайдаланылат. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 11654 миӊ м3. 1997-ж. карата баланстагы запасы: В ‒ 824миӊ м3, С1 ‒ 7608 миӊ м3, В+ С1 ‒ 8432 миӊ м3, С2 ‒ 6269 миӊ м3.