АЙЛАНДЫРУУ
АЙЛАНДЫРУУ, буруу – геом. өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кыймылсыз борбнун айланасында берилген α бурчуна карата ОМ = ОМ, ZMOM = α болгондой кылып М чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, α бурчу 0 дон 2π ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. α терс болгондо саат жебесинин багыты б‑ча, ал эми α оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, F фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакталат. а = π болгондо, борб. симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата башталмасынын айланасында α бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула ар кылуу туюнтулат:
Б.Э. Канетов.