АЙЛАНДЫРУУ
'АЙЛАНДЫРУУ,б У Р У У – геом. өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кыймылсыз борб‑нун айланасында берилген а бурчуна карата ОМ = ОМ', ZMOM' = а болгондой кылып М чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, а бурчу Одөн 2лге че йин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. а терс болгондо саат жебесинин багыты
б‑ча, ал эми а оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, F'
фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакталат. а = л болгондо, борб. симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата башталмасынын айланасында а бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула ар кылуу туюнтулат:
Б.Э. Канетов.