АК-СУУ ЗАКАЗНИГИ
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ Чүй обл-нун Москва р-нундагы аӊчылык б-ча корук жер. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында. Жар-Таш, Карагер, Бултуке сууларынын алабын камтыйт. Аянты 7,0 миӊ га. Азайып бараткан тоо эчки, улар, кекиликтерди коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1975-ж. уюшулган.