АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:33, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЛИТУДАЛЫК МОДУЛЯЦИЯ – электрдик, мех. ж. б. термелүүлөрдүн амплитудасынын өзүнүн жыштыгынан төмөнкү жыштыкта мезгил-мезгили м-н өзгөрүшү. Ал негизинен радиотехникада колдонулат. Анда үн термелүүлөрү үн жыштыгындагы электр термелүүсүнө айландырылып, радио бергич пайда кылуучу жогорку жыштыктагы термелүүнүн темп-расын өзгөртөт. Мис., радиоберүүлөрдө үн толкундары төмөнкү жыштыктагы электр термелүүсүнө (модуляция сигналына) өзгөртүлөт да, ал радиобергич чыгарган жогорку жыштыктагы (негизги жыштыктагы) термелүүнүн амплитудасын мезгил-мезгили м-н өзгөртүп турат.