АЛЛИТЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:27, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛИТЕРАЦИЯ (лат. аlliteratio; аd ‒ карай, жанында, littera ‒ тамга) ‒ сөздүн тыбыштык курулушун уюштуруудагы тыбыштык кайталоолордун бир ыкмасы, башкача айтканда, бирдей үнсүз тыбыштардын симметриялык түрдө кайталануусу. Аллитерация аркылуу байланышкан сөздөр кеп агымында интонациялык жактан өзгөчөлөнүп турат. Стилистикалык ыкма катары аллитерация байыркы мезгилдерден бери эле оозеки чыгармачылыкта, көркөм сөздө, өзгөчө, анын ритмикалык жактан ырааттуу уюшулган түрлөрүндө (ырда) кеӊири колдонулуп келген. Көптөгөн макал-ылакаптар, жаӊылмачтар аллитерация аркылуу уюшулган (мис., «Таз таранганча, той таркайт»; «Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк»). Аллитерациянын жөнөкөй түрү тыбыш тууроо, бирок ал таза түрүндө өтө сейрек кездешет да, кийинки тыбыштык ассоциацияларга негиз болот. Аллитерация тыбыштык кайталоолордун дагы бир түрү ‒ ассонанска (бирдей үндүүлөрдүн симметриялык кайталануусу) жакын туруп, кээде катарлаш же чогуу колдонулат.