АК-СУУ-АРАШАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы өсүмдүктөргө бай, карагай-бадал дуу, ысык булак чыккан кооз жер. Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Алтын-Арашан суусунун ортонку ж-а Алмалынын (Ак-Суунун куймалары) төмөнкү агымынан орун алган. Каракол ш-нан 15‒20 км түш.-чыгыш тарапта. Басымдуу бийикт. 2500‒2800 м, эӊ бийик жери 3500м. Аянты 30‒35 км2. Меридиан багытында созулган субсеквенттик типтеги өрөөн; таманы түзөӊ, тоо капталдары тик (30‒40°), төмөн жагында (түндүгүндө) кууш капчыгай бар. Жайы серүүн (июлдун орт. темп-расы 12‒15°С), кышы жылуу (январдыкы ‒5...‒10°С). Жылдык жаан-чачыны 500‒700 мм. Малга жайлуу. Алмалы айрыгында Ак-Суу санаторийи жайгашкан.