АНГОРА ЭЧКИСИ
Jump to navigation
Jump to search
АНГОРА ЭЧКИСИ – жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты ушундан) провинциясында илгертен асыралган.
19-к-да АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салм. 50-55 кг, эчкиси 32-36 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. А. э-нин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн уз. 25 см. А. э-нин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. А. э. кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. А. э. ж-а аргындары О. Азияда, Түн. Кавказда, Казакстанда багылат. Кыргызстанда жерг. эчки м-н аргындаштырылган.�.