АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:14, 9 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АНАЛИЗДИН ХИМИЯЛЫК МЕТОДДОРУ – заттын сапаттык, сандык курамын аныктоо ыкмасы. Хим. анализ сапаттык ж-а сандык, о. эле элементтик, мол., функциялык, изотоптук, фазалык болуп да айырмаланат. Хим. анализ салмактык (гравиметриялык) ж-а көлөмдүк (титриметриялык) ыкмалар м-н жүргүзүлөт. Салмактык ыкмада аныкталуучу элементти анализденүүчү заттан эркин түрдө, чөкмө түрүндө же газ түрүндө бөлүп алып, анын салмагы ченелет. Көлөмдүк анализде эритмелердеги аныкталуучу ион м-н реакцияга кирүүчү заттын белгилүү  концент-дагы эритмесинин көлөмүн өлчөйт.