АММОНИЙ НИТРАТЫ
Jump to navigation
Jump to search
АММОНИЙ НИТРАТЫ, а м м и а к с е л и т р а с ы, NH4N03 – азот к-тасынын аммоний тузу. Түссүз, ным тарткыч кристалл, сууда жакшы эрийт, күчтүү окистенткич; эрүү t 169-170°С, андан жогорку темп-рада ажырай баштайт. Ал 300°Сден жогорку темп-рада жарьшат. Суюлтулган азот к-тасына аммиак кошуу м-н алынат. Жер семирткич катары ж-а жарылгыч зат алууда колдонулат, к. Азот жер семирткичтери