АГРОМЕЛИОРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ жерди мелиорациялык жакшыртууга багытталган ил., уюштуруу-тех., экон. ж-а өндүрүштүк система. А. иштетилүүчү жер бетин пландоо, жер алдындагы сууну төмөндөтүү, шор топурактын тузун азайтуу, топурак ж-а суу ресурстарын башкаруу, сугаруу режимин ж-а системасын жакшыртуу, топурак сактоочу токой тилкелерин тигүү, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууну программалоо ж. б. иш-чараларын камтыйт.