АЙЫЛ
АЙЫЛ – коомдук, социал., аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. А‑га бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү аталарынын аты м‑н аталган. Анын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. А‑дын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.
Адегенде А. бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик А. аксакалынын колунда болуп, А. ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк А‑га чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара A‑да өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жаралган көп салттар бузула баштаган. Совет бийлигинин мезгилинде Кырг‑ндагы көчмөн А‑дар кыштактарга ж‑a колхоздорго биригип, 20‑к‑дын 40‑жылдарынын башында толугу м‑н отурукташкан. Учурда А‑дар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. А‑дарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.
А. Көчкүнов.