АКСОНОМЕТРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. fxjn ‒ ок ж-а … метрия) ‒ тегиздикте мейкиндик фигураларынын сүрөттөлүшүн алуучу ыкма. Координата окторунун проекциясынын негизинде анын чекиттерин ин координаталары б-ча фигуранын проекциясы түзүлөт. А. проекциялоо ыкмасына карата борб. ж-а параллель деп бөлүнөт. Эгер сүрөттүн тегиздиктеги параллель проекциясы нын багыты ошол тегиздикке перпендикуляр болсо, анда А. ортогоналдуу же нормалдуу деп аталат. Тескери учурунда кыйгач бурчтуу болот. Ортогоналдуу А-да координата окторунун сүрөттүн тегиздигине жантаюу бурчунун косинусу көрсөтүлөт, бул айрым учурда туура эмес көрсөткүч деп аталат. Эгер туура эмес эки көрсөткүч барабар болсо, анда А. диметрия, туура эмес үч көрсөткүч барабар болсо ‒ изометрия, ал эми туура эмес көрсөткүчтөрдүн бардыгы ар түрдүү болсо ‒ триметрия деп аталат. Польке-Шварц теоремасы ‒ А-нын негизги теоремасы .
Б. Э. Канетов.