АЗА КҮТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:07, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗА КҮТҮҮ – жакыны өлсө, туугандарынын аны жоктоп белгилүү убакытка чейин кайгы­руу жөрөлгөсү. А. к. көп элдердин салтында бар. Кыргыздарда, айрыкча аялдардын А. к‑сү өтө оор болгон. Жесир аял күнүгө үч маал кошок кошуп, бир жыл бою үйүнөн чыкпай, кара ки­йип тул тартып олтурган. Бетин тытып, бели­не тасма тартып, кыл аркан төшөнүп отуруу сыяктуу ар кандай кыйноолорду тарткан. Кыр­гыздын өткөн турмушунда А. күтүүнүн белгиси катары жыл маалына чейин үйдүн түндүгүнөн ак, кызыл же көк түстөгү «аза туу» (союлган малдын куйругу тагылган укурук) чыгарып ко­юшкан. Ак «аза туу» маркумдун улгайганды­гын, көк «аза туу» өлгөн адамдын орто жашта болгонун, ал эми кызыл «аза туу» болсо маркумдун жаш экендигин билдирген. Жыл маа­лында туугандары, сөөк‑тамырлары «азалап» келип, куран окутушкан. Ашы берилгенден кийин азалуу туу жыгылып, каралуу күн ток­тотулган.
Б. Солтонбеков.