АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП (этика) – мамл. органдардын, ишканалардын жетекчилеринин ж‑а мамл. кызматчылардын кесиптик жумушун­да жетекчиликке ала турган адеп‑ахлак баа-луулуктарынын, принциптердин ж‑а түшүнүк­төрдүн жыйындысы. Мамл. кызматчыда ке­сипкөйлүктөн тышкары, чынчылдык, мыйзам алдындагы жоопкерчилик, ишин илгерилетүүгө умтулуу, жарандарга сый мамиле кылуу, тар­типтүүлүк сыяктуу адеп‑ахлактык сапаттардын болушу талап кылынат. Өлкөдө 2001‑ж. 9‑ян­варда КРдин Президентинин Указы м‑н «Мам­лекеттик кызматчылардын этикасынын негиз­дери жөнүндөгү жобо» бекитилген. Жободо тө­мөнкүдөй негизги принциптер каралган: жогорку кесиптик деңгээлде милдеттерин аткаруу, жүрүм‑турум эрежелерин сактоо, сылык, чыдам­дуу, принципиалдуу болуп, маселенин маани-­маңызын жете түшүнүүгө умтулуу, каршысын уга билүү ж‑а чечимдерди таразалап, негиздеп кабыл алуу, башка кызматчылар тарабынан адеп бузууларды көңүл кош калтырбоо, өзүнө баш ийген кызматчыны туура эмес ишке ж‑а мыйзам бузууга түртпөө, мамл. жашырын сыр болгон кызматтык маалыматтарды жайылтпоо, башка адамдар м‑н жетекчисинин ж‑а өзүнүн иш‑аракеттерин талкуулабоо, кызмат абалын өзүнүн же жакындарынын кызыкчылыгына пайдаланбоо ж. б. Мындан тышкары «Судья­лар этикасынын кодекси» кабыл алынган. Анда судьялардын жүрүм‑турум эрежелери баяндал­ган. Бекитилген этика ченемдеринин мамл. кызматчылар тарабынан бузулушу аларды кыз­маттан бошотууга негиз болот.
К. Эсенканов.