«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ ‒ Бишкек ш-нын Жаш гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгына карата карата 1975-ж. ачылган. Сов. Союз. Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко ж-а Г. А. Петренконун бюсттары, Кырг-ндык Сов. Союз. Баатырларынын ж-а Даӊк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, З. Хабибуллин, А. Мухитдинов; арх. В. В. Курбатов).