«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:08, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛАШ» ПАРТИЯСЫ ‒ 1917‒20-ж. Казакстан м-н Түн. Кырг-ндагы саясий партия. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-ж. пайда болгон. 1917-ж. 21‒26-июнда Оренбургда «Жалпы кыргыз» («Жалпы казак») курултайы өтүп, А. Бөкейханов дун жетекчилиги м-н улуттук-саясий партия катары уюшулган. Ошол эле жылы жайында Пишпекте «Алаш» уюму түзүлгөн. Партияга Казакстандагы «улуттук автономия» ураанын көтөрүп чыккан интеллигенция өкүлдөрү: А. Байтурсынов, М. Дулатов, Ж. Досмухамедов, Х. Досмухамедов, Х. Габбасов, М. Тынышбаев, А. Ермеков, Кырг-ндан А. Сыдыков , И. Арабаев, Д. Сооромбаев, С. Чукин, Н. Тулин, К. Тыныстанов, И. Айдарбеков ж. б. кирген. Партиянын программасында аймактык -улуттук автономия, жер мамилелери, билим берүү ж. б. маселелер каралган. 1917-ж. 5‒13-декабрда Оренбургда өткөн экинчи жалпы казак курултайында улуттук автономия түзүү ж-а бийликке көзөмөл жүргүзүү «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн «Алаш Ордо» өкмөтүнө тапшырылган. Орол, Торгой, Семей, Жети-Суу обл-нда «А.» п-нын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-ж. Жети-Суу ревкому «Алаш» партиясынын обл., уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз революциячыл совети» деп атап, 1920-ж. чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, улуттук мад-тты, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиӊиришкен.
А. Жуманалиев.