АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО
Jump to navigation
Jump to search
АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО – көркөм сүрөт искусствосунун ар түркүн белгилер ж-а символдор үчүн же (байыркы солярдуу символдор ж. б.) абстракттуу формалар
(көбүнчө геом.) м-н гана жасалгалоо максатында таанымал көрүнүштөрдөн баш тартуучу түрү. А. и. алгачкы искусствонун башталышында, архаикалык маданиятта
(геом. стиль мегамекалык курулмаларда, байыркы грек ваза жазуусунда ж-а глиптикада), ошондой эле оймо-чийме жасалга чыгармачылыгында (о. кылым искусствосунда айбанаттардын абстракттуу сүрөттөрүн түшүрүү өнөрү), китеп кооздоонун айрым элементтеринде (вязь, виньеткалар ж. б.) пайда
болгон. Элдик ж-а балдар чыгармачылыгында ар дайым кездешет. Кээде «Абстракттуу искусство» термини абстракционизм деген мааниде колдонулат.