АЛЕКСАНДРИЯ МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 4 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРИЯ МЕКТЕБИ - тил илиминин мектеби. Б. з. ч. 4-кылымдын аягында Египеттин борбору Александрияда түзүлгөн. Ал 640-ж. арабдар Александрияны басып алганга чейин иштеп турган. Александрия мектебинин ири өкүлдөрү: Зенодот Эфесский, Ликофрон, Александр Этолий, Аристофан, Аристарх Самофракский, Дионисий Фракийский, Аполлоний Дискол ж. б. болгон. Александриялык филологдордун эмгектери начар сакталган, көбүнчө кийинки изилдөөчүлөрдүн отчётторунан үзүндүлөр түрүндө (Варрон, Донат, Прискиан ж. б.). Александрия мектебинин салттары филология м-н грамматиканын негизин түзгөн. Александрия мектеби грек ж-а латын илиминин ж-а Жакынкы Чыгыштын окууларынын айкалышынан келип чыккан. Александрия мектебинин грамматикасы кийинчерээк Европа тил илиминин негизи болуп калган. Ал грамматиканы тил илиминин башка тармактарынан айырмалап, азыркы фонетика, морфология, синтаксис схемасын аныктаган. Сөз трансформациясы ж-а сөз жасоо категорияларына дагы көңүл бурулду. Александрия мектебинин окуулары тыбыштан баштап, тил түзүлүшүнүн бардык катмарларын изилдөөгө багытталган. Бул мектептин идеялары ж-а методдору байыркы Рим грамматикасына олуттуу таасир тийгизген.