АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ‒ өлчөөчү механизми кыймылдуу бөлүгүнүн абалына (прибордун көрсөтүүсүнө) сырткы бир тектүү магнит талаасы таасир этпегидей жасалган электр өлчөгүч. Бул прибордо эки бирдей кыймылдуу бөлүгү өз ара бириктирилип жалпы окко орнотулган (мис., электр-магниттик түрмөк) магнит талаасы ага таасир этип, бир учурда өз ара карама-каршы багытталган айландыруучу моментти пайда кылып, системаны теӊ салмактап турат. Бул прибор амперметр, вольметр, ваттмет рден турат. А. ө. п. көбүнчө турактуу ж-а өзгөрмө ток тизмегинде тажрыйбалык өлчөөлөрдү жүргүзүүдө колдонулат.