АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:25, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамды тегерете курчап турган жашоо‑тиричилик ж‑а өндүрүштүк иш шарты. Адатта ага табигый чөйрөсү ж‑а адам өзү жараткан материалдык чөйрө (куру­луштар, өнөр жай ишканалары, суу сактагыч­тар, каналдар, жолдор ж. б.) кирет. А.-ч.табигый чөйрөгө караганда кеңирирээк маа­ниде. Табигый чөйрөсү коргоого көбүрөөк муктаж болот. Анткени, адамзат жараткан чөйрөнүн объектилеринен табигый чөйрө жа­быркап, алардын байланыштары үзүлүп, таби гый тең салмактуулук бузулат. Демек, коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнө ж‑а адамзаттын дээрлик геогр. кабыкты камтып иш чөйрөсүнүн кеңейи­шине жараша табиятты коргоо б‑ча комплекстүү иш‑чаралардын зарылдыгы келип чыгат.