АДАБИЯТ ТАРЫХЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:16, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЯТ ТАРЫХЫ ‒ адабият илиминин курамдык бөлүгү. Адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын жалпы өнүгүүсүнүн жүрүшүн, конкреттүү көркөм адабияттын жаралуу ж-а өнүгүү процессин, андагы стилдер м-н багыттардын пайда болушун, калыптанышын, алмашып турушун, ошондой эле айрым жазуучулардын жекече чыгармачылыгынын өсүү жолун, тарыхын изилдейт. Улуттук же дүйнөлүк адабий өнүгүүнүн процессин тереӊ үйрөнүп, ушул өсүү процессиндеги тигил же бул конкреттүү адабий көрүнүштүн ордун салмактайт, аныктайт. Макалаларды, монографиялык эмгектерди, жазуучулардын жеке чыгармачылыктарын үйрөнүү ж-а тигил же бул көркөм методдун, түрдүн, жанрдын калыптанышын, өзгөчөлүгүн, тарыхый тагдырын үйрөнүү адабият тарыхынын изилдөө объектисине кирет. Адабият тарыхы б-ча изилдөөлөр айрым учурда бүтүндөй бир доорду (мис., «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы», 2 томдук. Ф., 1987, 1990; «Кыргыз адабиятынын тарыхы», 7 томдук. Б., 2002), кээде белгилүү бир мезгилдик алкакты (мис., С. Жигитов. «20-жылдардагы кыргыз адабияты». Ф., 1983) камтыйт, кээде белгилүү бир акын-жазуучунун чыгармачылыгына (мис., Ш. Үмөталиев. «А. Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары». Ф., 1958) арналат. Адабият тарыхы тигил же бул конкреттүү адабий процессти, изилдөөдө адабият теориясынын принциптерине негизденет ж-а адабий материалды кароодо адабий сындын жыйынтыктарын эске алат.