АДАБИЯТ ТААНУУ
АДАБИЯТТААНУУ ‒ көркөм адабияттын маӊызын, анын өзгөчөлүгүн, пайда болушун, коомдук милдетин ж-а тарыхый-адабий процесстин мыйзам-ченемдерин изилдөөчү илим. Үч бөлүктөн турат: адабият теориясы, б. а. рухий ж-а көркөм ишмердиктин бөтөнчө формасы болгон адабияттын өзгөчөлүгүн, көркөм тексттин структурасын, адабий процесс м-н чыгармачылык методдун факторлорун изилдейт; адабият тарыхы дүйнөлүк адабияттын, улуттук адабияттардын өнүгүп-өсүү процессин (а. и. метод, стиль, доор, багыттардын алмашуусун), айрым жазуучулардын чыгармачылыгын иликтейт; адабий сын көбүнчө учурдагы чыгармаларды талдайт ж-а баа берет, ошондой эле адабияттын коомдук турмуштагы эстетикалык маанисин ж-а ролун аныктайт. Азыркы адабияттаануу. эстетика, философия, тил илими, тарых, социология, психология м-н ажырагыс тыгыз байланышта. Адабияттаануунун башатында антикалык доордун философтору ж-а акындары, Чыгышта ‒ байыркы ж-а орто кылымдагы кытай, инди ж-а араб ойчулдары турушат. Адабияттаануу өз алдынча илим катары 19-кылымда калыптанып, ар түрдүү илимий методдор пайда болгон. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө элдин рухий жаӊылануусун кенен ж-а тереӊ чагылдыруу м-н көп кырдуу, көп боёктуу турмушту таанып-билүүнүн эӊ таасирдүү формасына айланган. Кыргыз адабияты дүйнөлүк көркөм турмуштун, акыл-ойдун катарына ишенимдүү кошулган дегенге толук негиз бар. Кыргыз адабияттаануу илими элдин адабий, эстетикалык жактан өсүп-өнүгүшүнүн мыйзамченемдери, улуттук адабияттын калыптануу процессинин өзгөчөлүктөрү, фольклордук салттар м-н реалисттик тажрыйбанын кандайча айкалышып жаткандыгы, кыргыздын көркөм чыгармачылыгында жашап келген түрлөрдөгү ж-а жанрлардагы жаӊы сапаттык өзгөрүүлөр, мурда болбогон түрлөр м-н жанрлардын өсүп-өнүгүшүн шарттаган коомдук-эстетикалык факторлор, социалдык шарттардын, искусствонун милдеттеринин өзгөрүшү м-н бирге адабияттын тематикасындагы адабий өзгөрүүлөр, анын турмушун көркөм түрдө көрсөтүү жолдорунун, каражаттарынын байышы ж. у. с. маселелерди кароого ж-а чечүүгө аракет кылып келе жатат. Кыргыз элинин көркөм сөз чыгармачылыгын, айрыкча фольклорун изилдөөдө М. О. Ауэзов, В. В. Жирмунский, М. И. Богданова ж. б. окумуштуулар эмгектенишкен. Кыргыз адабиятчыларынын бир тобу (К. Асаналиев, А. Садыков, К. Артыкбаев, С. Жигитов, А. Акматалиев ж. б.) илимдин бул тармагында активдүү иштешти. Ад.: Тимофеев Л. Основы теории литературы, 4 изд., М., 1971; Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.