АММОНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:43, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АММОНИЙ, NH4+ – азот м-н суутек атомдорунан турган ион. Эркин абалында жолукпайт, бөлүүгө аракет кылганда эле аммиак ж-а суутекке ажырайт. Ал бирикмелеринде бир валенттүү металлдардын касиетине ээ. Эл чарбасында  кеңири колдонулуучу туздары – (NH4)2C03, NH4N03, (NH4)2S04, (NH4)2S208. А. хлориди NH4C1 нашатырь деп аталып, медицинада көп  колдонулат. Ал эми А. нитраты, сульфаты ж-а  фосфаттары а. ч-да жер семирткич катары кеңири пайдаланылат. А. туздарынын көпчүлүгү  сууда жакшы эрүүчү кристаллдар; ысытканда  NH3 бөлүнүп чыгып, оңой ажырайт.