АМИНФЕНОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:06, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМИНФЕНОЛДОР, NHC6H4OH – кристалл  түрүндөгү орг. бирикмелер; мол. салмагы 109. NH2 ж-а ОН тобунун өз ара жайгашышына жараша 3 изомери бар: орто 174°С, мета 128°С, пара  А.  Абада о- ж-а п- А-дун изомерлери кычкылданып, кочкул күрөң түскө өтөт; м-изомери туруктуу. Алар амфотердүү касиетке ээ; к-талар ж-а жегичтер м-н туздарды пайда кылат. о- А. к-танын ангидриддери м-н реакцияга кирип, гетероциклдүү бирикмеге өтөт. п-А. күчтүү калыбына келтиргич, оңой кычкылданып, п-бензохинолду пайда кылат. А. метаминсульфокислотасынын Na тузунан, о. эле 4-хлор нитробензолду жегич м-н басым астында ысытуудан алынат. Азобоёкторду алууда, сүрөт ишинде, тери боёодо колдонулат.