АМИНДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:52, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМИНДӨӨ - түрдүү орг. бирикмелердеги суутектин же башка элементтин атомун же атомдордун топторун амин тобуна (NH2) алмаштыруу реакциясы. Реакция белгилүү шарттарда аммиактын таасири м-н жүрөт. А. реакциясынан баштапкы заттарга жараша ар кандай бирикмелер алынат. Галогеналкандарды аммиактын спирттеги эритмеси м-н ысытканда биринчилик, экинчилик, үчүнчүлүк аминдеринин аралашмасы ж-а аммонийдин төртүнчүлүк туздары  пайда болот. Галогенкарбон к-талары аммиак м-н кошулганда амин к-таларын, ал эми галогенангидриддер аммиак м-н реакцияга кирип  амиддерди пайда кылат. А. реакциясына, о. эле  спирттер, кетондор, альдегиддер ж. б. кирет.