АДАБИЙ ТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:36, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ ТИЛ ‒ белгилүү бир адабий нормага салынган жалпы элдик тилдин жогорку формасы. Адабий тил айтылышы ж-а жазылышы такталып, жалпыга бирдей кодификацияланат ж-а стилдик жактан кеӊири жиктелип, оозеки ж-а жазуу түрүндө колдонулат. Ал коомдук ж-а функционалдык статусу б-ча улуттук тилдин калган формалары ‒ говор, диалектилерден кескин айырмаланып, белгилүү даражада регламенттелген мүнөзгө ээ коомдук-социалдык ж-а тарыхый-маданий кубулуш болуп саналат. Адабий тилдин жаралышы, өнүгүшү ж-а калыптанышы коомдун жалпы өнүгүшүнө ж-а ошол элдин жалпы маданиятынын деӊгээлине жараша аныкталат. Адабий тил ‒ бир нече диалектинин базасында, жалпы элдик, улуттук ж-а мамлекеттик тилдин негизги формасы. Кыргыз адабий тили ‒ кыргыз тилинин жалпы элге орток белгилеринин негизинде Октябрь революциясына чейин эле алгач оозеки, кийин жазма формада жаралган. Кыргыз адабий тилинин өнүгүү, калыптануу процесси уланууда. С. Мусаев.