АМИН СПИРТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:19, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМИН СПИРТТЕРИ,  а м и н  ал к о г о л д о р у – молекуласында амин ж-а гидрооксид топтору бар бирикмелер. Амин ж-а гидрооксид топторунун молекулада жайгашышына жараша  а-, Р-, у – ж. б. болуп бөлүнөт. Аминдер сыяктуу эле биринчилик, экинчилик ж-а үчүнчүлүк амин  топтору болот. Алар жогорку темп-рада кайноочу негиздик касиетке ээ, аммиак жыттанган, сууда эрүүчү, май сымал суюктуктар. Олефиндердин а-оксиддеринин аммиакты же биринчилик ж-а экинчилик аминдерди кошуп алуусунан, нитроспирттердин нитротопторун калыбына келтирүүдөн ж. б. жолдор м-н алынат. Молекуласында гидрооксид ж-а аминтоптору болгондуктан алар спирттер м-н аминдердин хим. касиеттерине окшош болот. Практикада эң маанилүүсү – этаноламиндер. Алар С02ни өзүнө  жеңил сиңирүүгө жөндөмдүү болгондуктан, газ  тазалоодо, кездеме өнөр жайында ж-а кир жуугуч заттарды даярдоодо колдонулат.