АДАБИЙ СЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:13, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ СЫНадабият таануунун курамдык бир бөлүгү; адабий чыгармачылыктын бир түрү. Адабий сын учурдагы адабий процесстин жалпы өнүгүш багыттарын ж-а өзгөчөлүктөрүн, ийгиликтерин ж-а мүмкүнчүлүктөрүн талдап, адабий көрүнүштөргө, жеке жазуучулардын чыгармачылыгына, айрым бир чыгармага өз убагында идеялык-эстетикалык баа берет. Адабий сындын кош милдети бар: ал биринчиден, учурдагы адабий тажрыйбага таасир этсе, экинчиден, китеп окурмандардын идеялык-эстетикалык көз карашын ж-а көркөм табитин тарбиялайт. Адабий сын адабият тарыхы ж-а адабият теориясы, эстетика м-н тыгыз байланышта болот, сындын өз заманындагы адабий кубулуштар ж-дө баалары, байкоолору, тыянактары бара-бара адабият тарыхына өтүп, адабият теориясы м-н эстетиканы да байытат. Адабий сын байыркы замандарда эле көркөм адабиятты ээрчий чыгып, адабият ж-дөгү жалпы билимдердин арасында өнүгүп келген. Анын өз алдынча бөлүнүп, өз алдынча өнүгө башташы ар кайсы калктарда мезгилдүү басма сөздүн пайда болушу ж-а өнүгүшү м-н байланыштуу. Орус адабий сыны В. Г. Белинскийден тартып бийик деӊгээлге көтөрүлгөн ж-а коомдук процесс, демократия үчүн адабияттагы идеялуулук, элдүүлүк, чынчылдык үчүн күрөштө зор роль ойногон. Анын сөзү м-н айтканда адабий сын - «кыймылдагы эстетика». Коом турмушунда адабияттын мааниси өйдөлөгөндө, көркөм чыгармачылык өрчүгөндө, жалпы элдин эстетикалык талаптары өскөндө, Адабий сындын ролу да жогорулай берет. Адабий сын макала, рецензия, адабий портрет, обзор, дил маек, талаш-тартыш ж. б. формада жазылат. Кыргыз адабий сыны жазма адабиятыбыз м-н удаалаш пайда болуп, ыкчамдаган жолду басып өттү. 1920-жылдардагы кыргыз адабий сынынын жаралуу мезгили Б. Даныяр уулу, М. Дөгдүров, Т. Жолдошев, К. Тыныстанов, А. Токомбаев, С. Карачев, Ө. Жакишев, К. Рахматуллин өӊдүү алгачкы адабият, маданият ишмерлеринин ысымдары м-н байланыштуу. Көрүнүктүү коомдук ишмер Т. Жолдошевдин кыргыз адабий сынынын, адабияттаануу илиминин түптөлүшүнө кошкон салымы зор. Өз учурунда анын «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабият жана акындарыбыз» (1927‒28), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928) ж. б. макалалары жарык көргөн. 30-жылдардын адабий сынынын өнүгүшү, калыптанышы үчүн кыргыз адабиятынын пайдубалын түзүшкөн акын-жазуучулар А. Токомбаев, М. Элебаев, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев кыйла эмгек сиӊиришкен. 50-жылдарда Адабий сыны Ш. Үмөталиев, А. Салиев, Б. Керимжанова, К. Асаналиев, К. Укаев, М. Борбугулов, кийинчерээк К. Бобулов сыяктуу жаш күчтөр м-н толукталган. 70‒80-жылдар кыргыз сынынын бийиктөө мезгили болгон. Бул мезгилде орто муундагы адабиятчы, сынчылардын ишмердиги м-н катар С. Жигитовдун, К. Даутовдун, А. Эркебаевдин чыгармачылыгы кыргыз сынынын өнүгүшүнө, профессионалдык чеберчилигинин артышына кыйла көмөк көрсөттү. Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятчыларынын, сынчыларынын алдында көркөмдүк маселесин, адабий процессти мезгил талабына шайкеш жаӊыча баалоо милдети турат, к. Сын. Ад.: Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Кыргыз адабияттаануу илими жана сыны. 2 томдук. Б., 2005. А. Садыков.