АМЕРИЦИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМЕРИЦИЙ (лат. Americium), Am – жасалма  жол м-н алынган радиоактивдүү элемент. Ат. н. 95, ат. м. 237-246, бир нече изотоптору белгилүү, туруктуу изотобунун ат. м. 243. А-ди 1945-ж. америкалык илимпоздор Г. Сиборг, Р. Джеймс,Л. Морган ж-а Гиорсо Am241 изотобу түрүндө плутонийди нейтрон бөлүкчөлөрү м-н нурлантуудан алып, өз өлкөсүнүн атынан «А» деп аташкан. Аm – күмүш сымал ак түстөгү жумшак металл, салыштырмалуу тыгыздыгы 13,6 г/см3. Таза металл түрүндөгү А. 850°Сде жумшара баштап, 1200°Сде толук эрүүсү байкалбагандыктан, б. эрүү темп-расынын так мааниси белгисиз. А. Зтөн  6га чейин өзгөрмөлүү валенттүүлүккө ээ. Көпчүлүк бирикмелеринде валенттүүлүгү Зкө барабар. Аm. радиусу 1,82 А, үч валенттүү абалындагы  ионунун радиусу 1,00 А. Бардык эле актиноиддер сыяктуу ал газ абалындагы суутек м-н өз ара аракеттенишип, гидридди пайда кылат. Кычкылтек м-н реакцияга кирип, бир нече оксиддерди АmО, Аm203, Аm02 берет. Ал эми галогендер м-н үч валенттүү А-дин галогендүү бирикмелерин – AmF3,AmCl3, AmBr3 пайда кылат.