АЗОР АНТИЦИКЛОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЗОР АНТИЦИКЛОНУ – Атлантика океаны­нын түн. бөлүгүндөгү субтропик ж‑а тропик ал­кактарында пайда болгон атм‑лык жогорку басымдуу аймак. Жыл бою аракетте болот; ай­рыкча жайында даана байкалат. А. а. Евразия­нын, айрыкча Түш. Европанын ж‑а Түн. Афри­канын климатына өзгөчө таасир этет (жайында Жер Ортолук деңизин, кышында Сахара чөлүн көздөй багытталат).