АДАБИЙ БАЙЛАНЫШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ БАЙЛАНЫШТАР ‒ адабий процесстин өзгөчө белгиси; бир элдин же жазуучунун чыгармачылыгынын, бүтүндөй бир доордун ад-тынын башка доордун, элдин же жеке автордун чыг-лыгы м-н өз ара байланышы, бири-бири м-н болгон алака-катышы. Азыркы учурда улуттук ад-ттардын өз ара байланышы көп улуттуу ад-ттын тынымсыз өсүп-өнүгүүсүнүн негизги факторлорунан болуп саналат. Бир элдин ад-тында мезгил талабына жооп берерлик поэтикалык ар кандай кубулуштардын, улуттук салттардын чагылышы экинчи бир элдин ад-тынын көркөм байлыгынан учурайт. Бирок булар башка ад-ттын кыртышында өзүнүн баштапкы абалында болбостон, анын ички өсүп-өнүгүү мыйзамдарына, улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөчө формада көрүнөт. А. б. улуттук ад-ттардын тынымсыз өз ара тыгыз байланышынын, биримдигинин ачык далили болуп эсептелет. Мезгилдин өзгөрүшү, турмуш шарттарынын тынымсыз алга жылышы, тектеш элдердин ад-ты м-н адабий өз ара байланыш процесси мурдагыга караганда жандуу, ургалдуу, өтө эле татаалдашкан түрдө болот. Азыркы дүйнө адабиятчыларынын байланышы, Ч. Айтматовдун Борб. Азия ад-тына тийгизген таасири, кыргыз фольклору м-н орус оозеки чыгармачылыгындагы байланыштар: идеялык жакындыктар, сүрөттөө ыкмалары, образ түзүүдөгү ж. б. жалпылыктар, тууроолор буга мисал. А. б-ды изилдөө адабий процессти ж-а жеке жазуучунун чыгармачылыгын туура түшүнүүгө, иск-вонун жалпылыгын ж-а өзгөчөлүгүн билүүгө жардам берет.