АЛЬТЕРНАРИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЬТЕРНАРИОЗ – өсүмдүк илдети. Аны мите  козу карын (alternaria) пайда кылат. Картошка, алма, алмурут, барсылдак A-у белгилүү. Илдеттүү өсүмдүктү кара так басып, өсүмдүк ткандары акырындык м-н солуйт. Ал көбүнчө өсүмдүктүн урук түйүлдүгүндө өөрчүп, үрөн өнбөйт. Ага каршы күрөшүү чаралары: үрөндү хим. препараттар м-н дарылоо, аңызды өсүмдүк калдыгынан арылтуу, которуштуруп эгүүнү туура  жүргүзүү.