АЛЬБИНИЗМ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬБИНИЗМ (лат. albus – ак) – тубаса пигменти жок тукум куума белги. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктүн бардык бөлүгүнүн же айрым бир бөлүгүнүн жашыл түсүнүн жоктугу. Адам, жаныбардын көзүнүн чел кабынын түссүздүгү ж. б. Бул тукум куума белги – рецессивдүү генге көз каранды. Рецессивдүү ген (аа) гомозигота абалында пигменттин (мис., меланиндин, хлорофиллдин) синтезин токтотот. Пигментсиз особдор альбинос деп аталат. Өсүмдүк альбиностордо бул кубулуш хлоропласттардын тукум куума өзгөрүшү м-н да шартталат (цитоплазмалык тукум куугучтук). Андан тышкары өсүмдүктү караңгы жерде өстүрүү да альбиносторду пайда кылат. Мындай өзгөчөлүк функциялык А. деп аталат. Өсүмдүктү жарык жерге которгондо ал жоголот.