АЛЬБАТРОСТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЬБАТРОСТОР (Diomedeidae) – куштардын  бороончу сымалдар түркүмүнүн тукуму. Уз. 85-140 см. Канаттары ичке, учтуу, жазганда 3,6 м-ге, айрымдарыныкы 4,25 мге чейин жетет. Суу
АЛЬБАТРОСТОР 21.png

толкунунун жардамы м-н же жээктеги жардан абага көтөрүлөт. Каалгып учууга жөндөмдүү. Түш. жарым шар деңиздеринде, Тынч океандын түндүгүндө 2 уруусу, 13 түрү кездешет. Көпчүлүк учурда топтошуп, океан аралдарында колониялуу уялашат. Көбүнчө түнкүсүн деңиздеги балык, моллюска м-н азыктанышат. Көп түрү кеме артынан учуп, андан түшкөн калдыктар же таштандыларды жешет . Кеч (5-10 жашында) көбөйөт, 1 жумуртка тууйт. Акжон альбатрос – ЖКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.