АГЫМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:45, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЫМ, а г ы н ‒ суунун нук м-н агуу кыймылы. Жер бетине түшкөн жаан-чачындан, кар ж-а мөӊгүнүн эришинен пайда болгон суулар эӊкейишти карай сарыгып агып, бирине бири кошулуп, улам чоӊоюп олтуруп, туруктуу нукка куюп, агын сууларды пайда кылат. Агын суулар бири бирине кошулуп, дарыяны жаратат. Дарыя көлгө, деӊизге, океанга куят. Бул процесстер А-дын пайда болуу же А. калыптануу процесси деп аталат. Убакыт бирдиги ичинде (жыл) агып келип, океанга кошулган суу да «дарыя агымы» деп аталат. Ал эми суунун нук аркылуу агуу кыймылын ‒ «агын» деп атоо ылайык.