АЛЛЕРГОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЕРГОЛОГИЯ ‒ медицинанын аллергия ооруларынын пайда болуу себебин, өөрчүү механизмин, клиникалык белгилерин изилдөөчү ж-а анын алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. А. иммунология м-н тыгыз байланышта. 20-к-дын 1-жарымында бүт дүйнөдө аллергия ооруларынын өсүшүнө байланыштуу А. өз алдынча илим катары бөлүнүп чыкты.