АЛИМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:33, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛМЕНТАРДЫК АНЕМИЯ(Anaemia alimentaris) ‒ малдын кан пайда кылуучу органдарында темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон ылаӊ. Аны м-н көбүнчө жаш мал ылаӊдайт. Бул ылаӊ мал организминде темир жетишпегенде, айрыкча малды караӊгы, булганч, ысык короо-жайларда бакканда пайда болот. Ылаӊдаган төлдүн көзү киртийип, оозу кубарып, демигип, бат чарчайт. Дарылоодо темир, жез, кобальт бар заттар колдонулат. Ылаӊды алдын алуу үчүн белок, витамин, минерал заттары ж-а микроэлементтери мол тоют м-н кошумча тоюттандырылып, короо-жай зоогигиена талабына ылайык болууга тийиш.